Наш профиль
Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинин кыскача тарыхы
-
Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинин кыскача тарыхы
Жумгал аймагында алгачкы жолу Чаек айылында 1925-1926- жылдары «Куруят» мектеби ачылган. Кийинки жылы Маамытбек деген адамдын уйундо Чаек башталгыч мектеби уюштурулуп, араб алфавити менен элууго жакын окуучу окуган.
Мектепте алгачкы жолу мугалимдерден Маматемир Балтабаев,Абды Чаликов,Бакамбай Айылчиев,Шаршенбай аттуу мугалимдер эмгектенишип,окуу болумунун башчысы болуп Карымбаев Кудайберген иштеген. 1932-жылы Чаек толук эмес билим беруучу (7 жылдык) мектеби болуп тузулуп, азыркы «Демилге» газетасынын имаратында жайгашкан. 1936-жылы орто мектеп болуп аталып,Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетининен Шыкыев Калык, Умурзаков Жуман, Муратбек Рыскулов, Садык Жаманов сыяктуу белгилуу инсандар торт жана жети жылдык билим алышып, жаш озгочолугуно жараша согушка аттанышкан. 1946-жылы орто мектепти Алымсеитов Жекшен, Тургуналиев Бейшен, Кызалаков Азис, Абдиев Рахатбек ж.б белгилуу инсандар окуп бутурушкон. 1971-жылы уч кабаттуу типтуу 780 орундук мектеп салынып, окуучулардын саны 1200 го чейин жетип, 80 ге жакын мугалим окуу тарбия ишин жургузушкон. 1987-жылы Чаек орто мектебинен Мидин Алыбаев атындагы орто мектеби болуп озгорулуп аталган.Бугунку кундо мектеп кыргыз жанан орус тилдеринде окутулуп , 482 окуучу 37 мугалим билим тарбия берип келишуудо.
-
Мидин Алыбаевдин өмүр баяны
Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна
караштуу Чаек айылында кедейдин уй-булосундо туулган. 1931-жылы
айылдын жети жылдык мектебин аяктагандан кийин Фрунзенин
педтехникумунда билим алып андан сон комсомолдук
кызматкерлердин окуусун бутургон. 1936-1938-жылдары «Ленинчил
жаш» гезитинде иштеп журуп, 1938-жылы Советтик аскерлердин
катарына чакырылган. 1940-жылга чейин кызмат отоп, ак финндерге
каршы согушка катышкан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш
жылдарында жана андан кийин республиканын турдуу гезит
журналдарында эмгектенген.Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары
башталган чыгармачылык турмушу коп кырдуу болгон. Ошентсе да
акын копчулук куч, жондомун поэзияга берген. Мидин Алыбаевдин
ырлары бир жагынан терен лирикага толуп турса, бир жагынан
сатиралык курч мазмунга ээ. Акын салттык соз ыргактары менен ошол кезде жаны калыптанып келе жаткан жаны поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген. 1937-жылы Мидин Алыбаевдин «Бактылуу жаштык»деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык корот. Китептин кириш сөзүн жазган акын Кубанычбек Маликов Мидинге келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын деп баа берген. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон эле. Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк Акчүч, Мидин жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан. Ошондой эле Мидиндин калемине бир катар аңгемелер, жомоктор, баяндамалар жана ошол кездеги курч социалдык темаларга арналган ар кыл фельетондор таандык. Анын Маяковскийге поэзиялык отчет публицистикалык
поэмасы, Курорттогу окуя, Жантектин керээзи аттуу пьесалары
кенен белгилүү болгон. Ошондой эле акын Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин мыкты котормочуларынын бири болуп эсептелет.
Мектептин миссиясы
- Онлайн формат менен иштөө
2020-2021 жылы пандемия абалы күчөп, онлайн-окутууга өтүүгө аргасыз болдук. Биздин мугалимдер толугу менен санариптик кошумча окуу өтүшүп, zoom, whatsapp, kahoot ж.б. онлайн платформаларды колдонуп сабак беришти.
- Мектептин максаты
Окуучуларга терен жана сапаттуу билим беруу учун ата-энелер жана коомчулук менен алгылыктуу иш алып баруу, инновациялык
усулдарды пайдалана билуу менен иштин натыжасына жетишуу.
- Спорт - бул ден-соолукка пайда!
Спорт тармагы мектепте жогорку деңгээлде. Бизде жаны кошумча кружоктор ачылып, окуучулар кызыгып барууда.
- Автоматтык расписание
2020-2021 окуу жылынан тартып, биз жаны расписание системасына өттүк.
- Ааламдашуу
Биздин мектеп дүйнөлүк фондтор менен тыгыз байланышта. Ошого карата бизде чет өлкөдөн ар кандай ыктыярчылар келип турушат жана ошондой эле бир топ бүтүрүүчүлөр чет өлкөдө окушат!